Орусиянын Москва шаарында Кыргыз кызы метродо көз жарганы айтылууда. Бул тууралуу Орусиядагы Telegram каналдарынын бирине маалымат чыкты.
Маалыматка ылайык, төрөттү "Электрозаводская" станциясынын полиция кызматкери кабыл алган.
"Полиция кызматкери кош бойлуу аял эскалаторго жакын отуруп калганын байкаган. Ошол учурда келиндин толгоосу башталып, полиция ошол замат "Тез жардам" кызматын чакырган. Бирок алар келгиче келин төрөп салган. Аны Алеся Полякова аттуу кызматкер төрөткөн. Ал жерге келген дарыгерлер полиция кызматкери бардык нерсени туура кылганын жана эне менен баланын ден соолугу жакшы экенин айткан", - деп жазылат маалыматта.
Айрым маалыматтарга караганда ал 29 жаштагы Ү.К. аттуу кыргыз кызы экени айтылууда.