Өзбекстан Кыргыз өлкөсү менен автобустук каттамдарын жандантат

Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы автобустук каттамдар жанданат. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигине таянып, өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда Ферганада Өзбекстандын вице-премьер-министри, инвестициялар жана тышкы соода министри менен Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министринин милдетин аткаруучунун жолугушуусу болуп өттү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташууну жандандырууну тездетүү боюнча биргелешкен чараларды ишке ашырууга даяр экенин билдиришти", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Анжиян-Ош-Эркеч-Там-Кашкар автоунаа каттамын Кытайдан Европага Борбордук Азия мамлекеттери аркылуу мультимодалдык жүк ташуу тутумунда натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу зарылдыгы баса белгиленип, аталган жолдорду эффективдүү пайдалануу маселеси дагы көтөрүлгөн.

Белгилей кетсек, Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташуу март айында пандемияга байланыштуу карантиндик режим киргизилгендиктен токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Samsung-
2020-12-11 02:55:36
Менин пикиримче озбекстандан пайда жок.
-2
SHahabidin-jabborov
2020-12-11 05:33:57
Samsung-,ичи тардык кылба...
+2
batleybesh
2020-12-11 16:08:59
Samsung-,сенден да пайда жок, егер билсен!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан