Азербайжанда Тоолуу Карабахтагы жеңиштин урматына парад өткөрүлдү

Кечээ, 10-декабрда Азербайжандын борбору Баку шаарындагы "Эркиндик" аянтында Тоолуу Карабахтагы жеңиштин урматына парад өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, парадга Азербайжан менен Түркиянын лидерлери Ильхам Алиев жана Режеп Тайип Эрдоган катышкан. Мындан тышкары, парадга 3 миңдей аскер кызматкери катышып, 150гө жакын аскер техникасы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан