Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Республикалык штаб ооруну жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан экенин кабарлады.
Бишкек шаары – 2;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Баткен облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Нарын облусунда – 1;
Талас облусунда – 1.
Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча жалпы 4 миң 19 кызматкер илдеттен жабыркаса, алардын ичинен 3 миң 730у сакайды.