Өлкөдө 1-майдан тартып ишмердүүлүгүн жанданткан мекеме, ишканалардын арасында санитардык нормаларды сактабагандар бар. Бүгүнкү күндө эреже сактабаган жайларга айып салынды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип жатып билдирди.
"Бүгүнкү күнгө карата 3 миңдей ишкана текшерилип, анын ичинен 200 мекемеге көрсөтмө берилди. Ал эми такыр эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабагандарга айып пул салынды. Айып пулдун жалпы суммасы 170 миңге чамалады", - деди ал.