АКШлык жаран эки баласынын башын кесип, жансыз денелерди 5 күн үйүндө кармаган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Калифорния штатынын 34 жаштагы жашоочусу балдарын өлтүрүүгө жана кордоого айыпталып кармалган.
"Морис Жуэл Тейлор аттуу жарандын үйүнө укук коргоо кызматкерлери газ чыгып кетиши мүмкүн деген маалымат келип түшкөнү үчүн келишкенде, үйдүн ичинен полиция кызматкерлери башы кесилген 12 жана 13 жаштагы эки баланын жансыз денесин табышкан. Өлтүрүлгөн балдардын сөөгү үйдө 5 күн болгону аныкталган. Каза болгон балдардын атасы 8 жана 9 жаштагы кичүү балдарына маркум бир туугандарынын сөөгүн көрсөтүп, коркуткан. Ошол эле учурда ал балдар тамак-ашы жок өзүнчө бөлмөдө кармалганын полиция кызматкерлери билдирген. Аталган кылмыш боюнча айыпталып жаткан жаран адам өлтүрүү жана балага зомбулук көрсөтүү боюнча айыпталууда. Мүмкүн болгон эң жогорку жаза - 57 жылга эркинен ажыратуу", - деп жазылат маалыматта.