Чүйдө алдамчылыкка шектелип, качып жүргөн адам кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылы Лебединовка айылында орун алган.

"Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Т.А. аттуу жергиликтүү тургуну арыз менен кайрылып, М.Т. аттуу адам Лебединовка айылында жайгашкан жер тилкесин сатуу шылтоосу менен 6 миң 200 АКШ долларын жана 86 миң 500 сомду түзгөн акчасын алып, качып жүргөнүн маалымдаган.

Арыздын негизинде "алдамчылык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 29 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалды. Ал азыр убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан