Американын "Time" журналынын жыл жыйынтыгы боюнча "Жылдын артисти" наамына кореялык "BTS" тобу ээ болду. Бул тууралуу аталган басылманын сайтына жарыяланды.
"BTS" тек гана К-ПОП музыка дүйнөсүндөгү ийгиликтүү топ эмес, алар дүйнөдөгү эң ийгиликтүү жамаат деп айтылат журналдын маалыматында.
Мындан сырткары аталган кореялык топ быйыл "Dynamite" ыры үчүн дүйнөгө белгилүү "Грэмми" сыйлыгына татыган.