26 жаштагы замбиялык аял үйлөнүү сунушун киргизбегендиги үчүн сүйүктүүсүн сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Гертруда Нгома аттуу аял сегиз жыл мамиледе болгон Герберт Салалики аттуу сүйүктүүсүнө "эч качан баш кошуу сунушун киргизген эмес" деп нааразы болгон.
"8 жыл аралыгында түгөйлөр жарандык никеде жашап, балалуу болууга жетишкен. Ал эми Гертруда Нгома баласы менен ата-энесинин үйүндө жашайт, сүйүктүүсү жалгыз жашайт. Мындай абал келинди тынчсыздандырып, ал баарын биротоло чечүүнү көздөгөн", - деп жазылат маалыматта.
Келиндин айтымында, ал түздөн-түз сотко кайрылгандан башка ылайыктуу жол тапкан эмес.
"Ал дайыма биздин мамилеге кош көңүл мамиле кылчу, ошондуктан мен аны сотко бердим. Биздин мамилебиздин келечеги кандай экендигин жана мындан ары эмне кылуум керектигин билүүгө татыктуумун", - деген Гертруда Нгома.
Ал эми айыпталып жаткан жаран сот залында үйлөнүү үлпөтүнө акчасы жок экендигин билдирген. Мындан тышкары ал аялды "мага жетиштүү көңүл бурбай жатат" деп айыптаган. Мунун бардыгын уккандан кийин сот "түгөйлөр бардык келишпестиктерин өз алдынча чечиши керек" деген өкүмүн чыгарган.