Президенттикке талапкерлигин койгон Кубан Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы сотко кайрылды. Маалыматты SUPER.KG порталына Чороев өзү тастыктады.
Анын айтымында, соттук отурум эртең, 12-декабрда өтөт.
"БШК менин талапкерлигимди четтетүү боюнча чыгарган чечимине каршы 10-декабрда арыз жаздык. Сот отуруму 12-декабрда өтө турган болду. Мен тараптан эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, тескерисинче мыйзамды БШК бузду деп эсептейбиз. Андыктан сот биздин пайдабызга чечим чыгарат деген ишенимдебиз", - деди Чороев.
Буга чейин БШК Чороевдин кол тамгаларын анык эмес деп тапкан.