Президенттик шайлоо: БШК кол тамгаларын жараксыз деп тааныган Кубан Чороев сотко кайрылды

Президенттикке талапкерлигин койгон Кубан Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы сотко кайрылды. Маалыматты SUPER.KG порталына Чороев өзү тастыктады.

Анын айтымында, соттук отурум эртең, 12-декабрда өтөт.

"БШК менин талапкерлигимди четтетүү боюнча чыгарган чечимине каршы 10-декабрда арыз жаздык. Сот отуруму 12-декабрда өтө турган болду. Мен тараптан эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, тескерисинче мыйзамды БШК бузду деп эсептейбиз. Андыктан сот биздин пайдабызга чечим чыгарат деген ишенимдебиз", - деди Чороев.

Буга чейин БШК Чороевдин кол тамгаларын анык эмес деп тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан