"Атаман" каймана аты менен белгилүү болгон Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев кезектеги беттешин 13-декабрда "UFC 256" турниринин алкагында бразилиялык 31 жаштагы мушкер Ренато Мойканого каршы өткөрөт.
АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "UFC Apex" аренасында өтө турган бул турнирге ошондой эле атактуу америкалык мушкер Тони Фергюсон да катышат. Анын атаандашы бразилиялык Чарльз Оливейра болмокчу. Бул Тони Фергюсондун Жастин Гэйтжиден техникалык нокаут менен утулгандан кийинки алгачкы беттешке чыгышы.
Ал эми Рафаэль Физиевдин атаандашы Ренато Мойкано карьерасында жалпы 18 беттеш өткөрсө, анын 14үндө жеңүүчү аталган (экөө нокаут менен). 3 жолу жеңилүү ызасын тартса, 1 ирет тең чыккан.
Рафаэль Физиев акыркы беттешин Абу-Даби шаарында өткөн турнирде британдык Марк Диакисеге каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Эки мушкердин беттеши турнирдин "мыктысы" аталып, экөө тең 50 миң доллар кошумча акы алышкан.