Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы кызы Хадижат Кадырова Грозныйдагы мектепке чейинки билим берүү департаментинин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин анын 21 жаштагы кызы Айшат Кадырова маданият министринин орун басарлыгына дайындалган.
Ал эми Рамзан Кадыров жакындарын жетекчилик кызматтарга дайындоосуна айтылган пикирлерге жооп берип жатып, буга эч качан баш оорутпай турганын айткан.