Жалал-Абад шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Бахтигул Базарматованын кызы Роза Базарматова апасынын жансыз денесин ит куш жеген дегенге ишенбейт. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына айтып берди.
"Апамды 10 күндөн ашык издедик. Сууну, адырды карадык, издебеген жерибиз калган жок. Акыры милиция киши колдуу болуп каза болгонун айтып, бизди өлүкканага чакырды. Барганда мен кирген жокмун. Апамдын туугандары киришти. Терезеден апамдын бут жагы көрүндү, кийип турган бут кийиминен тааныдым.
Апам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Денеси көмүлбөй калып, ит куш жеген деген маалыматтар чыкты. Бирок андай эмес. Дененин киндигинен жогору жагы жок, башы кесилген. Ит куш деген ылгабай жейт да жесе. Анан дагы кийимдери таптаза. Эч кандай ит куш жеген эмес. Биз азыркыга чейин дененин жогорку бөлүгүн издеп жатабыз, дайын жок. Көмүлгөн жерин карадык, тапкан жокпуз.
Шектүүлөрдү апам тааныйт. Алар апамдан карызга акча алып турушчу экен. Мен да бир жолу шектүүлөрдүн бирин көргөм. Апам өзү товар алып келип кайра аларды таратып иштечү. Жоголгон күнү апамдын жанында 200 миң сом акча бар болгон. Эми алдыда чыкчу экспертизалардын жыйынтыгын күтүүдөбүз", - деди кызы Роза Базарматова.
Окуянын чоо-жайы:
Бахтигул Базарматова 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп, үйүн көздөй кеткен боюнча дайынсыз болуп изделип жаткан. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 6-декабрь күнү дайынсыз болуп жаткан Бахтигул Базарматова киши колдуу өлтүрүлгөн деген ыкчам маалымат алынган. Анда шектүүлөр 25-ноябрь күнү сырттан тааныш болгон маркум аялга жолугушуп, саат 16:30 чамаларында Тойота-Авенсис унаасы менен Жалал-Абад шаарынын четиндеги ээн талаага алып барып, андан акча сурашкан. Маркум акча жок экендигин айткандан кийин шектүү И.Х. өзүнүн унаасында турган сүлгү менен аны муунтуп өлтүрүп, көтөрүп жүргөн сумкасындагы 32 миң сом акчасын жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын алып, телефонун ыргытып жиберишкен.
Ал эми маркумдун жансыз денесин Жалал-Абад шаарынан 60-чакырым алыстыкта жайгашкан Сузак районунун Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга көмүп коюшкан. Бирок ушул аралыкка чейин жансыз дене толук көмүлбөй ачык калган бөлүктөрүн карга-кузгун жеп койгондугу аныкталып, жансыз денеге карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.