Биз социалдык тармакта

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу: "15-20 миң сом айлык акысы бар кызмат үчүн мага 300 миң евро сунушташты"

Мэрияга кызматка келиш үчүн 300 миң евро, 100 миң долларлык унаа сунушташты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.

"Мэрияда кызмат талашуу токтогон. Азыр мен иштебеген директорлорду четинен кызматынан алып жатам. Убакыт керек, көптөгөн маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Шаарды өнүктүрүүгө бир гана мэриянын күчү жетпейт. Жалпылап оңолуу жолуна түшүшүбүз керек. Биз жок дегенде уурдабай койсок ошол пайда. Өтө көп кемчиликтер бар. Кээ бир директорлор айтканды укпай мурункудай эле иштеп жатышат. Ушул жерден кээ бир чарба жетекчилерине айтып кетер элем, мен мурункудай иштетпейм баарыбир. Жакында үчөө-төртөөнү жумушунан алам, экөө-үчөө камалат. Мага демектен көтөрүп турган асманын таштап ийишсин. "Крышаларыңарды" укпайм, ачыгын айтып коёюн. Таза, түз иштесеңер иштегиле, болбосо орунду бошоткула.

Ушул жерден ачык эле айтып коёюн, бир директорлук кызмат ордуна мага 300 миң евро сунушташты. 300 миң евро! Доллар дагы эмес. Жүрөгүм түшүп кетти. Коркуп кеттим. Азыр атайын кызматтарга бердим, териштирип жатышат. Ал кызмат ордунун айлык акысы ашып барса 15-20 миң сом. Дагы бир кызмат үчүн 100 миң долларлык унаа сунушташты. Адаммын да, алгач акчаны алып туруп, арыз жазып мэрликтен кетип калайын деп ойлодум (күлүп). Албетте мунун баары тамаша. Абийир алдында кантип жооп берем, тигил дүйнөдө мунун эсебин кантип берем деп ойлодум. Экинчиден булар эмнеге коркпойт, эмнеге баарын акчага сатып алса болот деп таң калдым"-деди Түлөбаев.

Түлөбаев: “Гуля Алмамбетова эл көзүнчө, а мен жашынып сөгүнгөндү жакшы көрөм“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
mirlanpiter
2020-12-13 01:27:38
Алла таала сизден ыраазы болсун,сиздей адамдар көбөйүп Кыргызстаныбыз гүлдөп өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирүүсүнө себепкер болуңуз
+16
NURSAPAR
2020-12-13 08:15:36
Иштеген ушундай инсандарды койсок Кыргызстан тез эле өнүгөт. Ушундай басыгыңардан жазбагыла. Аллах ыраазы болсун.
+16
Jaka78
2020-12-13 10:52:39
Азаматсыз,элде ошондой акча бар бекен,мен да коркуп кеттим
+5
sultan_bek
2020-12-13 11:39:25
Жараткан Тенирим озунун колдоосун берсин иштейм деген адамга. Бирок баардык создорго ишене бербеш керек.
-5
Bishkek312.
2020-12-13 12:20:18
Азамат экенсиз ишиңизге ийгилик каалайм сизге жол кайсыл жак майлуу экенин көрсөтүп жатышыптыр ишиңизге жеңилдик кылып ошончо акча сунуштаса ошол жакты казсаңыз чоң эле канал бар болсо керек ал жакта коррупция деген ийгилик сизге ак эмгек кылып ушунуңуздан жазбаңыз!
+5
Nur777
2020-12-13 12:59:01
Журналисттер,кичине жандуураак суйлогулочу байболгурлар,улдуробой! Озгочо "нападающийинер" тарс-тарс суроолорду берип эсин оодарып (ролуна жараша) а "адвокаты" жагымдуу суроолорду берсе болмок.Ал эми "жер тыншаар" дикциянын устунон иштешиниз керек экен,негизи учоонор тен суйлоо манерасын,суроо берууну жакшылап оздоштуруш керек,анан жараткан образдарынарга соответствовать этсениздер жакшы болмок,бирок эмгегинер учун рахмат...Капа болбонуздар,комментти очурбонуздор,ий
+1
Nur777
2020-12-13 14:47:21
Nur777,ийгилик сиздерге,бул биринчи гана эфир,алдыда буюрса коп-коп кызыктуу инсандар менен эфирлер чыгат деп ишенем.
Тушоонор кесилди,эми кадамынар чыйрак болсун,калеминер курч,созунор мурч болуп элдин буйрун кызыта турган эфирлерди даярдоонуздарды кутобуз.
0
admin_media
2020-12-14 11:25:18
Nur777,Сунушуңузга рахмат, эске алабыз)
+1
Nur777
2020-12-13 13:02:35
Балбак байкеге ийгилик жана ден-соолук!
Озгочо ден-соолукка конул бурунуз,капа болбонуз бирок ашыкча салмактан арылышыныз керек,спорт менен туура тамактанууну оздоштурсонуз дейт элем...калган баардык жакшы сапаттар бар сизде!)
+4
Kuban-1207
2020-12-14 00:02:43
30 жылдан бери эмне эле оңолбой эле келетабыз көрсө жегичтер көп турбайбы
0
Kuban-1207
2020-12-14 00:03:03
Эми оңолобуз
0
Kuban-1207
2020-12-14 00:03:58
Акаев Бакиев Атамбаев Жеенбековдор жеп келген турбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан