"Мен катуу даярдангам". Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев атаандашын беттештин биринчи бөлүгүндө эле нокаутка учуратты

Бүгүн, 13-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 256 турнири өтүүдө. Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн мушкери Рафаэль Физиев дагы катышып жатат.

2020-12-13 08:27:00

"Мен бул беттеш үчүн өто көп машыгып, даярдандым. Жыйынтыгын мен сегиз бурчтукта көрсөттүм деп ойлойм. Баарыңыздрга бир гана машыккыла деп айткым келет", - деди беттештен кийин Рафаэль Физиев.

2020-12-13 08:25:00

Физиев өз кезегинде ата-энесине ыраазычылыгын айтып өттү.

2020-12-13 08:22:00

Рафаэль Физиев бул нокауту менен алып баруучуну кошо таң калтырды. 

2020-12-13 08:20:00

Кантииип? Рафаэль Физиев бразилиялык атаандашы беттештин биринчи бөлүгүндө эле укмуштуудай нокаутка учуратты. Азатамсың "Атаман"!

2020-12-13 08:17:00

Рафаэль Физиев атаандашынын башына кубаттуу, таамай сокку узатты.

2020-12-13 08:16:00

Физиев беттештин биринчи бөлүгүндө эле атаандашынан бир топ активдүү болуп жатат.

2020-12-13 08:15:00

Эки мушкер тең буттары менен сокку узатууда.

2020-12-13 08:14:00

Эки мушкердин беттеши башталды.

2020-12-13 08:12:00

Физиевдин атаандашы Ренато Мойкано 8 бурчтукка жакындап келүүдө.

2020-12-13 08:10:00

Биринчи болуп Рафаэль Физиев сегиз бурчтукка чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан