Бүгүн, 13-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 71 миллион 636 миң 988 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 46 миллион 803 миң 861 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 603 миң 582 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 16 миллион 57 миң 434 болду. 297 миң 789 адам каза болсо, 6 миллион 246 миң 605 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 826 миң 775 адамдан аныкталды. 142 миң 628 адам каза болсо, 9 миллион 324 миң 328 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 880 миң 127 адам вируска кабылган. 181 миң 123 бейтап көз жумса, 6 миллион 78 миң 287 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.