Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чоткараев өлкөгө зер буюмдарды аткезчилик жолу менен алып кирген адамдарды абактан мыйзамсыз коё берүүгө тийиштиги бар деп шектелүүдө.
12-декабрь күнү Башкы прокуратура Чоткараевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана экономикалык аткезчиликке шектелип жатканын кабарлаган.
Ошол эле күнү анын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, тергөө аяктаганга чейин камакта болуу чечими чыкканы жазылат маалыматта.