Жалал-Абад облусунда жасалма номер менен Ошко бара жаткан жол тандабас унаасы токтотулду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү саат 22:00 чамасында Кара-Көл шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору тарабынан Бишкек-Ош жолунда жайгашкан посттон Ош багытын көздөй бара жаткан Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү Орусия Федерациясына караштуу унааны токтоткон.
Аны текшерген учурда унаанын мамлекеттик белгиси жасалма же жалган экендиги такталган. Себеби унаанын өздүк номери кыргыз мамлекеттик болуп чыккан. Өз учурунда унаанын айдоочусу аты-жөнүн тастыктоочу документтерин берүүдөн баш тарткан.
Азыркы учурда аталган факты боюнча тийиштүү материалдар чогулуп, Кара-Көл ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жол тандабас айып короого токтотулган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.