Нигериянын Канкара шаарында куралчан кишилер мектепке чабуул жасап, жүздөгөн балдарды уурдап кеткен. Учурда канча бала уурдалганы боюнча маалымат жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган мектепте 800гө жакын окуучу билим алып келген. Анда кылмышкерлер жума күнү мектепке чабуул кылышкан. Алар мектепти талкалап, окуучуларды алып кетишкен.
Полиция 200 баланы куткарган. Ал эми калганы токойго түнөгөн. Азыркы тапта 400дөн ашык бала табылганы жазылган. Ал эми өлкө башчы бардык штаттагы мектептерди жабууга буйрук чыгарган.
Ошондой эле кече ишемби күнү өлкө башчы кылмышткерлердин жашынып жаткан жерин аныкташканын кабарлаган.