Журналдын башкы редактору Эдвард Фельзенталдын айтымында, бул наам вице-президентке алгачкы ирет берилип жатат. Мунун себебин ал: "Байден менен Харристин тандеми тарыхый мааниге ээ", - деп түшүндүрдү.
"Байден менен Харрис редакциянын бул тандоосун сыймыктануу менен кабыл алгандыгын айтышып, ыраазычылык билдиришти. Сыйлык ыйгаруу аземи пандемияга байланыштуу онлайн өттү", - деп жазылат маалыматта.
"Time" басылмасынын маалыматына ылайык, Байден 44-президент Барак Обаманын рекордун жаңылап, АКШ тарыхында президенттик шайлоодо эң көп добушка ээ болгон. Ал эми Харрис жакынкы арада биринчи афроамерикалык вице-президент болот.
Белгилей кетсек, аталган журнал 1927-жылдан бери жылдын эң күчтүү таасирге ээ болгон инсандарды жарыялап, аларга "Жыл адамы" сыйлыгын тапшырып келет.
Бир кылымдан ашуун убакыттан бери америкалык "Time" журналы "Жыл адамын" тандап келет. Быйыл бул наамга 2 адам татыктуу деп табылды.