АКШда колукту үлпөт тою күнү COVID-19 илдетинин кесепетинен ооруканага жатып, беш күндөн кийин көз жумган

Колукту үлпөт тою күнү COVID-19 илдетинин кесепетинен ооруканага жатып, беш күндөн кийин көз жумган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Техас штатынын тургундары 29 жаштагы Стефани Линн Смит жана анын 31 жаштагы сүйүктүүсү Жейми Бассетт үйлөнүү үлпөт тоюн 13-ноябрга белгилешкен. Алар Американын Лаббок шаарында (Техас штатында) баш кошууну пландаштырышкан, анда Жейми Стефаниге үйлөнүүнү сунуш кылган.
Жейминин айтымында, Стефани 3-ноябрда ооруп калган, бирок ошол учурда ал жаңы коронавирус инфекциясынын белгилерин байкаган эмес. Төрт күндөн кийин ал даамдын бир бөлүгүн сезбей калган. Ал мындай белгини мурун оорусу менен байланыштырган. Жыйынтыгында ага дары-дармек дагы жардам бербей, абалы начарлап кеткендиктен ал ооруканага жеткирилген. Ооруканадан ага COVID-19 жана пневмония диагнозу коюлган.
Апасынын, айтымында, ал алдыда боло турган үйлөнүү тоюна кабатыр болгон. Ал эми 10-ноябрда Стефани аябай алсырап, күнү бою уктап, эч нерсе жебей калган. Эртеси канындагы кычкылтектин деңгээли кескин төмөндөп кеткендиктен, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Ал эми анын сүйүктүүсү үлпөт тою күнү социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган. "Бүгүн биздин үйлөнүү тоюбуз болмок. Анын ордуна Стефани кандагы кычкылтектин деңгээлин көтөрүү үчүн ооруканада жатат. Эки күндөн бери аны көрө элекмин. Бул абдан оор, мындайды эч кимге каалабайт элем", - деп жазган.
Андан 5 күн өтпөй кыздын абалы оорлошуп, каза болуп калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан