Ысык-Көл облусунда 2 киши көлгө балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз жоголуп, кийинчерээк алардын жансыз денелери табылганы маалымдалган. Каза болгондордун бири 40 жашта, экинчиси 33 жашта болгон.
Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан бул иш кыскартыларын билдиришти.
"Жогорудагы факт боюнча иликтөө жүргүзүлөт. Бирок жарандар өздөрү чөгүп каза болгондуктан кылмыштын курамы жок делинип, иш кыскартылат", - дешти басма сөз кызматынан.