Орусиянын Москва шаарында метродо көз жарган келин баласынан баш тартпайт. Бул туурасында келиндин туугандары айтканын Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы элчилигинин басма сөз катчысы Алмаш Алтымышева SUPER.KG порталына билдирди.
"Элчиликтин юристи 11-декабрь күнү 29 жаштагы келин менен анын баласынын абалын билүү үчүн алар жаткан №29 шаардык клиникалык ооруканасына барып келди. Аталган оорукананын дарыгерлери эне, баланын абалы канааттандырарлык экендигин айтышкан. Келин баласын таштайт деген маалыматты анын туугандары четке кагышты. Азыр алар биздин жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Кошумча дагы маалыматтар болсо айтабыз", - деди Алтымышева.
Белгилей кетсек, 9-декабрда Москвада метродо келин көз жарып, анын төрөтүн полиция кызматкерлери менен гезит саткан аял кабыл алган. Көп өтпөй эле анын
У.К. аттуу
Кыргыз жараны экендиги айтылган.
Окуядан эки күн өткөн соң
орусиялык басылмалар келиндин баласынан баш тартып жаткандыгын жазып чыгышкан. Аталган маселе боюнча элчиликке байланышканыбызда маалымат такталып жаткандыгын
билдирген болчу.