Жашоочулары акчасынын көбүн тамак-ашка короткон өлкөлөр аталды

Казакстан менен Орусиянын эли үй-бүлөлүк бюджетинин көбүн тамак-ашка сарптайт. Ал эми азык-түлүккө каражатты аз жумшаган өлкө деп Люксембург табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Риа" басылмасынын эксперттери Европа мамлекеттеринде үй-бүлөлүк бюджеттин ичинен тамак-ашына кайсы өлкө көп, кайсынысы аз акча корото турганын сураштырып, салыштыруу рейтингин түзүшкөн. Чыгымы азыраактар рейтингдин алдыңкы катарынан орун алышкан.

"Статистика боюнча экономикалык кырдаал жакшы, айлык акы көп төлөнүп берилген мамлекеттерде адатта тамак-ашына үй-бүлөлүк бюджеттин 15 пайызын гана жумшашат. Калган бөлүгү билим берүү, көңүл ачуу, саякаттоого керектелип, үйлөрүнө ар кандай буюмдарды алышат. Ал эми айлык аз төлөнгөн мамлекеттерде тапкан кирешенин теңинен көбү эле тамак-ашына кетип калары аныкталды.

Рейтингдин сап башын Люксембург өлкөсү ээледи. Бул мамлекеттин эли азык-түлүккө үй-бүлөлүк бюджетинин 8,4 пайызын гана керектейт. Андан кийинки орунда Нидерланддар менен Улуу Британия турат. Алар тапканынын 10,6 пайызын тамакка сарпташат экен. Алардан кийинки кезекти Германия, Норвегия, Австрия, Финляндия сыяктуу өлкөлөр ээлеген. Айтор, рейтингдин алдыңкы катарынан орун алган мамлекеттердин көбү эле экономикалык жактан өнүккөн Батыш Европа мамлекеттери", - деп жазылат маалыматта.

Азык-түлүк, тамак-ашка эң көп каражатты мурдагы СССР мамлекеттери жана Европанын чыгыш бөлүгүндөгү өлкөлөр корото турганы аныкталган. Казакстан рейтингде эң акыркы орунга илинген. Бул мамлекеттин эли үй-бүлөлүк бюджеттин көбүн тагыраагы 49,9 пайызын тамак-ашка сарптайт. Украина менен Молдова да 40 пайыз менен тизменин акыркы сабына илинген. Ал эми Орусиянын эли тапкан акчасынын 29,7 пайызын сарптап, тизмеде 31-орунда көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Almazhhhh
2020-12-15 00:06:05
Жакшы экен.Бизде кундо той аш ойун зоок.Бирок кембагал олкобуз.
+6
mirlanpiter
2020-12-15 00:30:34
Биз Кыргыздар тапкан акчанын 80%тин тамак ашка жумшасак керек
+9
Urmat78
2020-12-15 09:31:36
Бизде тапканыбыз тамак ашка жетпей карыз алып жашап атышатго
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан