Нигериянын Канкара шаарында куралчан кишилер мектеп-интернатка чабуул жасагандан кийин 333 окуучу дайынсыз болууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 11-декабрь күнү кечинде Нигериянын Канкара шаарында куралчан кишилер мектеп-интернатка чабуул жасаган.
"Мектеп-интернатта жалпы 839 окуучу билим алып келген. Дайынсыз болгон 333 окуучуну белгисиз куралчан адамдар алып кетишкен. Калгандары качып кутулган. Учурда полиция кызматкерлери издөө иштерин улантууда. Мектеп-интернаты убактылуу жабылды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Нигерияда куралчан кишилер мектепке чабуул жасап жүздөгөн балдарды уурдап кеткени кабарланган.