"ЭЛДИК КАБАРга" жооп. "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы: "Электр жарыгы үчүн төлөмдү терминалдан жүргүзгөндө туум өзүнчө графа менен төлөнөт"

Буга чейин SUPER.KG порталына окурмандын: "Эмне үчүн электр энергиясына убагында төлөсөң деле туум (пеня) чыга берет? Ар бир абонентке 1 сом 65 тыйындан туум жазылса деле, билинбегени менен көп эле сумма чогулуп жатат", - деген пикири жарыяланган.

Окурмандын суроосуна жооп алуу үчүн "Улуттук энергетикалык холдингге" байланышканыбызда, туумдар тууралуу төмөндөгүдөй түшүндүрмө беришти.

"Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринде жана турмуш-тиричилик керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоонун типтүү келишиминде - “Түндүк электр” ишканасы керектөөчүгө төлөм мөөнөтүнөн өткөрүп жиберген ар бир күнүнө мыйзамга ылайык, карыздын суммасына туум кошуп эсептөөгө милдеттүү. Төлөм мөөнөтүнөн өтүп кетсе ар бир күнгө карыздын суммасынан 0,1 пайыз, бирок негизги карыз суммасынан 100 пайыздан жогору эмес коюлат.
Туум - мөөнөтүнөн өткөрүп жиберилген төлөмгө гана кошулгандыктан электр энергияга чыккан эсепти төлөм терминалдарынан жүргүзүүдө сөзсүз төмөнкү схема менен эсептеңиз.

Мисалы, "Коммуналдык тейлөө - электр энергияга болгон төлөм - Талас облусу - Талас шаарынын энергия сатуу кызматы – Туумду төлөө".
Себеби, керектелген электр энергиянын эсеби автоматтык түрдө эсептелет, демек, программа сиз жүргүзгөн ашыкча төлөмдү кийинки айдагы электр энергияга болгон төлөмдөргө кошуп коёт. Абоненттер энергия саатуу кызматынын кассасынан же болбосо “Кыргыз почтасынын” кассаларынан төлөм жүргүзсө туум автоматтык түрдө төлөнөт. Ал эми терминалдан төлөм жүргүзүүдө сөзсүз “Туум” деген графа аркылуу төлөнүш керек. Болбосо кийинки айга кайра эле туум эсептелинип келе берет.
Эгерде абонент терминалдан жөн гана электр энергияга ашыкча төлөм жүргүзсө, ашыкча төлөнгөн каржысы кийинки айдын электр энергиясына алдын ала жүргүзүлгөн төлөм катары кетип калат", - деп жооп берди мекеменин маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ilbirs
2020-12-14 16:36:04
Элдин башын айлантпай баарын бир графа менен толойтурган кылып койгула. Калганын озунор ич ара чечип алгыла!
+2
Batma.Sh
2020-12-14 16:40:31
Элден ала турган ойлоп тапкычыңар жакшы иштейт да,негизи.
Ойдон,кырдан,астынан,үстүнөн кылып алганды иштеп чыгышат,оголе.
+3
anash
2020-12-14 20:29:25
Бул энерге холдинг кышында атайын кошуп койот декабрь январь оздору мин болсо эки мин болот гарантия буну мен далилдеп коргом....уяты жоктор
+2
talant87
2020-12-14 22:32:02
Негиз 1-3-5сом деп конулго албайбыз бир эле айылда жок дегенде 200 уй болсо 200×5=1000сом Бир айылдан 3- уй було толойт Бир айга светке Кыргызтанда 1000 айыл болсо 1000×1000сом=1,000,000сом
+2
aksy.1989
2020-12-14 22:39:11
Туум деген эмне деп сурагылачы жооп берген адистен. Булардыкы туум эмес эле тономойго окшош ко. Ашыкча толосо кийинки айга кетет дейт убагында толосо кайдагы туум?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан