Буга чейин Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы сарайдан өрт чыгып, ал төрт адамдын өмүрүн алгандыгы кабарланган. Кийинчерээк каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү, тагыраагы, үч наристе жана энеси экендиги тууралуу маалымат жазылган.
Бүгүн, 14-декабрда төрт адамдын өмүрүн алган өрт тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалымат берди.
"Ошол үйдүн ичинен өрт учурунда:
1). 1995-жылы туулган О.к.А.;
2). 2014-жылы туулган Т.А. (эркек бала);
3). 2016-жылы туулган Т.А. (кыз бала);
4). 2017-жылы туулган Ж.Б. алардын жээни болгон. (эркек бала)
4 адамдын күйүп кеткен жансыз денелери табылып, Чүй РИИБинин кызматкерлерине жана "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.