Ысык-Көлдөгү 13 жаштагы кыздын зордукталышы. Прокуратура райондук соттун кабыл алган чечимин негизсиз деп эсептейт

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Шаар айылындагы 13 жашар өспүрүмдү ушул эле айылдын эки 28 жаштагы жана 41 жаштагы тургундары күч колдонуп зордукташкан. Ага ылайык, кабыл алынган соттук чечимге райондук прокуратура макул эместигин жана аларга карата даттануу сунуштарын келтирет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына башкы прокуратуранын өкүлү Эрмек Асанов билдирди.
Аталган факты ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 161-беренеси (Зордуктоо) менен катталган.
"Тергөөдө аныкталгандай, жаш өспүрүмдү зордуктоо аракеттери жарым жылга жакын болгон. Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жарандарга карата айыптоо корутундулары бекитилип, 2020-жылдын 24-августунда кароо үчүн Тоң райондук сотуна жиберилген. Соттук кароонун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу Тоң районунун прокурорунун орун басары 28 жаштагы эки соттолуучуну күнөөлүү деп таап, аларды 15 жылга, ал эми 41 жаштагы жаранды 20 жылга эркиндигинен ажыратууну сураган.Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында жана 11-декабрындагы өкүмдөрү менен 1992-жылы туулган тургундардын аракеттеринде кылмыштын курамы жок деп актап, айыпталып жаткандар сот залынан бошотулушкан. Ал эми 41 жаштагы үчүнчү соттолуучу 11-декабрда күнөөлүү деп табылып 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.
Кабыл алынган соттук чечимге райондук прокуратура макул эместигин жана аларга карата даттануу сунуштары келтире тургандыгын билдиребиз", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдө 13 жаштагы кызды үч эркек жарым жыл зордуктап жүргөн делген окуянын чоо-жайы жарыяланган.
Ал эми интернет колдонуучулары 13 жаштагы кызды зордуктагандарды актап жибергенине нааразы болушуп,Тоң районунун соту Сабыр Соодонбековго карата кызматтык текшерүү жүргүзүүнү талап кылышып, онлайн митинг өткөрүшүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан