Ысык-Көлдө бир аптада 25 мал уурулуктун бети ачылып, зыян тарткан тарапка 1 миллион сомдон ашуун каражат өндүрүлдү

Ысык-Көлдө бир жуманын аралыгында 25 мал уурулуктун бети ачылып, уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашып, бир апта ичинде облус аймагында 31 мал уурдоо фактысы катталганын белгилешти.

"Өткөн апта аралыгында 11 баш жылкы, 35 баш бодо мал уурдалып, келтирилген зыян 1 миллион 485 миӊ сомду түздү. Көрүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 25 фактынын бети ачылып, мал ээлерине 1 миллион 125 миӊ сомду түзгөн чыгым кайтарылып берилди. Андан тышкары, мал уурулук менен алектенген 1 кылмыштуу топ аныкталды.

Мал уурулукка каршы жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери райондон тиешелүү документтери жок бир баш жылкы алып чыгууга аракет кылган эки адамды токтотушкан. Текшерүү учурунда чыгарып бара жаткан жылкыны Жети-Өгүз районунун айылдарынын биринин жайытынан уурдагандыгы анык болгон. Шектүү катары кармалган жарандар райондук милицияга алып келинип, бардык жагдайлар боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлдү.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн мал уурулук боюнча 7 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталды. Алар 1 жылкы жана 15 бодо малды уурдагандыгы белгилүү болду. Шектүү катары кармалган Жеӊиш айылынын 24 жаштагы С.А. жана 21 жаштагы А.Н. аттуу тургундары райондук соттун чечими менен 1 айга камакка алынды. Учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылууда", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан