Бишкектеги "Ош базарынын" аймагынан мас абалда аялды бычак менен коркутканга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 10-декабрында Ленин РИИБине Н.О. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ошол эле күнү саат 15:00 чамасында "Ош базарынын" аймагында мас абалында, уят сөздөрдү сүйлөп, кийимин айрып, бычак менен коркуткан белгисиз жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ошондой эле ал арыз ээсинин 3 миң сомдук күрмөсүнүн жеңин айрып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делинип 1995-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалган. Шектүү эки айга СИЗО-1ге киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.