Жайыл районунун 18 жаштагы тургуну укук коргоочуларга өз атасынын үстүнөн арызданды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Арыз ээсинин айтымында, атасы ичимдикти көп ичкендиктен ага тынчтык бербей, уруш чыгарат.
"Арыз 11-декабрь күнү Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Милиция кызматкерлери дароо окуя болгон жерге барганда арыз ээсинин атасы үйгө мас болуп келип, ызы-чуу салып, сөгүнүп сүйлөгөндүгүнө күбө болушкан. Бир маалда баланын атасы белгисиз куралдан үйдүн эшигин көздөй ок чыгарган", - деп жазылат маалыматта.
Бул окуя боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдиришти милициядан.