Жалал-Абад облусунда Чаткал суусуна унаасы менен түшүп кеткен айдоочу каза болду. Кырсыктын кесепетинен каза болгон жаран 37 жашта болгонун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 14-декабрда саат 19:54 чамасында Чаткал айыл аймагында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолунун 110-чакырымында (Жаңы-Базар айылы) Чаткал суусуна Жигули унаасы түшүп кеткен. Унаанын ичинде 1983-жылы туулган эркек киши (айдоочу) болгон, кырсыктын кесепетинен ал каза болду.
"Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.