АКШда жапайы жаныбарлар арасында коронавирус илдетин жуктуруп алган биринчи учур катталды
АКШнын Айыл чарба министрлигинин Улуттук ветеринардык лабораториясы жапайы жаныбарлар арасында коронавирус инфекциясын жуктуруп алган алгачкы учурду тастыктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, вирус Юта штатындагы норкада табылган. АКШнын жаныбарларды жана өсүмдүктөрдүн саламаттыгын текшерүү кызматынын (APHIS) маалыматы боюнча, норка фермасынын жанында эпидемиологиялык изилдөөнүн алкагында жапайы жаныбардан коронавирус илдети табылды.
"Биздин билишибизче, бул SARS-CoV-2 тастыкталган биринчи жапайы жаныбар", - деп билдиришкен аталган кызматтан.
Бул иш боюнча маалымат Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмуна өткөрүлүп берилгени белгиленди. Ошол эле учурда COVID-19 илдети норка фермаларынын жанында жашаган жапайы жаныбарларга жуккандыгы жөнүндө эч кандай далил жок.
Белгилей кетсек, COVID-19 илдети көптөгөн норка фермаларында табылган. Швеция жана Ирландия өлкөлөрүндө COVID-19 илдетинин кесепетинен норкалар атайылап өлтүрүлгөнү тууралуу кабарланган.