Улуу Британияда өспүрүм энесин мыкаачылык менен өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 17 жаштагы өспүрүм өз энесин муунтуп, андан кийин аялдын эс-учун жоготуп койгонуна көзү жеткенде башына, 64 жолу моюнуна жана 16 жолу колуна бычак сайган.
Андан кийин ал Өзгөчө кырдаалдар кызматына чалып, алардан жансыз денени салуу үчүн баштык алып келүүсүн суранган.