"24 саат бою коменданттык саат киргизилди". Түркия Жаңы жылдык майрамга карата чектөөнү күчөтөт

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавирус жайылып жаткан шартта Жаңы жылдык майрамдарга чектөөнү күчөттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 31-декабрь күнү саат 21:00дөн 4-январь күнү саат 05:00гө чейин 24 саат бою коменданттык саат киргизилди. Мамлекет башчысы мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынганын тактады.
Бул күндөр аралыгында үйлөргө жеткирип берүү кызматы гана иштейт, ал эми кафе жана ресторандар толугу менен ишин токтотот.
Акыркы маалыматтарга караганда, Түркияда COVID-19 илдетинин 1 миллион 866 миң 345 учуру катталган. Тилекке каршы, 16 миң 646 адам каза болуп, 1 миллион 600 миң бейтап айыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан