Буга чейин Чүйдө өспүрүм кокусунан өзүнө карата ок атып алганы, ал алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жеткирилгени кабарланган.
Өспүрүм 15-декабрга караган түнү саат 01:00дө ооруканада каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан ырасташты.
Белгилей кетсек, окуя 13-декабрда Кызыл-Октябрь айылында орун алган. Анда өспүрүм гаражда турган ок атуучу куралды алып, кокусунан өзүнө карата ок чыгарып алган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө баланын атасы сурак берген. Анда окуя орун алардан 2 күн мурда өспүрүм куралды жайыттан таап келгенин, атасы өз кезегинде патрондорду алып, ок атуучу куралды гаражга катып койгонун билдирген. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.