Казакстанда милиция кызматкери өз жанын кыюуга аракет жасаган өспүрүмдү куткарып калды

Казакстандын милиция кызматкери өз жанын кыюуга аракет жасаган өспүрүмдү аман сактап калган видеосу интернетке тарады. Өспүрүм бала мас абалда көпүрөдөн боюн таштоого аракет жасагандыгы тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Казакстандын Карасай районунда Патрулдук милиция кызматкерлерине "өспүрүм жигит көпүрөдөн секирип, өз жанын кыюуга аракеттенип жатат" деген билдирүү келип түшкөн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кырсыктын алдын-алууга аракет жасап, өспүрүмдү жылуу сөздөрү менен сөзгө чакырып, аман сактап калышкан жана аны жакын туугандарына жеткирип беришкен.


Казакстанда милиция кызматкери өз жанын кыюуга аракет жасаган өспүрүмдү куткарып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан