Ошто "мас абалда сотко катышты" делинген прокурорго карата кызматтык териштирүү башталды

12-декабрда социалдык тармактарда "Ошто прокурор мас абалда сотко катышып, терезенин тосмосун сындырып качып кетти" деген тасма тараган.

Видео тасмадан аял кишинин: "Мас абалыңда менин баламдын тагдырын чечтиңби, сөзүңдү сүйлөй албай, кагазыңды окуй албайсың, керектүү кызматтарга кайрылам", - деп беткапчан кишиге кайрылып жатканын көрүүгө болот. Андан соң беткапчан адам бөлмөгө кирип кеткенин, соттун имаратынын сыртынан тартылган тасмадан терезенин тосмолору кайрылып калганы байкалат.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура кызматтык териштирүү башталганын билдирди.

"Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмүнө кызматтык териштирүүнү уюштуруу тапшырмасы берилип, анын жыйынтыгы менен жогорудагы жагдайга тийиштүү баа берилет", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2020-12-16 10:55:56
Буларга окшогон акмактарды атып эле ташташ керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан