Баткен облусунун Кадамжай районунда батирге уурулукка кирип жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын октябрь айларынан тарта Кадамжай районунун Халмион, Үч-Коргон, Алга, Орозбеков, Марказ айыл аймактарындагы жашоочулардын турак-үйлөрүнө белгисиз жарандар түн ичинде кирип, үйгө керектелүүчү буюмдар уурдалып, жабырлануучулар арыз менен кайрылышкан.
Жогорудагы бул фактылар Кадамжай РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, уурулуктарды жасап жүргөн шектүүнүн бири Кадамжай районунун тургуну 41 жаштагы К.Т. өзү жашаган үйүнөн, ал эми анын шериги Кызыл-Кыя шаарынын тургуну мурда оор берене менен соттолгон 33 жаштагы Т.И. шаар аймагынан кармалышкан.
Кармалган шектүүлөрдүн үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда мурда уурдалган далил буюмдар аныкталып алынган. Бул шектүүлөр 8 жолу батирлерге уурулукка киришип, жабырлануучуларга жалпысынан 400 миң сомго жакын материалдык зыян келтиришкен.
Азыркы күндө шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.