"Бир бөлмө толо акча". Бишкекте ири суммадагы жасалма акча алып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте ири суммадагы жасалма акчаны алып жүргөнгө шектелип, 51 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү (акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо багытындагы ыкчам иш-чаралардын алкагында 14-декабрында Бишкек шаарында 1969-жылы туулган К.У. аттуу жаран кармалды. Анын жанынан ири суммадагы жасалма доллар табылган.

"Табылган жасалма акчалар жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган. Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aksy.1989
2020-12-16 10:10:59
Охооо доллары го
+1
Mubarak
2020-12-17 00:50:11
Бул чоон бизнес болуш кк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан