Бишкекте 34 мейманкана, 27 сауна текшерилди

Жакынкы аралыкта республиканын аймагында 292 кылмыш жана жорук катталып, оор кылмыштардын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар:

Адам өлтүрүү-1;

Зордуктоо-1;

Мүлктөрдү уурдоо-115;

60тан ашык алдамчылык;

16-бейбаштык, андан сырткары каракчылык, опузалоо, адам уурдоо,

4 факты сойкулук кылууга тартуу жана ыпластыкка көмөктөшүү,

2 факты экстремистик мүнөздөгү материалдарды таратуу аныкталып, ок атуучу куралдар жана баңгизаттар табылып алынды.

Кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 20 жаран кармалды. Дайынсыз жоголгон 6 адам табылды. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын алкагында 260тан ашык объект, анын ичинен соода-түйүн комплекстери, эс алуу жайлары, мейманканалар жана башка мекемелер текшерилди. Ички иштер органдарына өздүктөрүн тактоо үчүн 243 адам жеткирилип, анын ичинде 6 чет өлкөлүк жаран бар.

Бишкек шаарынын аймагында 149 кылмыштын бети ачылды, анын ичинен 65и уурулук, 38и алдамчылык, 4 тоноо, 2 баңги кылмышы. Бул аралыкта 65 объект, анын ичинен 4 соода-түйүн комплекси, 34 мейманкана, 27 сауна текшерилди. Ички иштер органдарына аты-жөнүн тастыктоо үчүн 63 жаран жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан