Орусияда мигранттардын саны эки эсеге кыскарды. Учурда мигранттардын саны азыркы күндө алты миллионго чукулдайт. Мындай маалыматты Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигине таянып, аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Орусиянын Ички иштер министрлиги бул көрсөткүч 11 миллионго жетиши мүмкүн экенин белгилейт.
"Орусияга жыл сайын 9 миллиондон 11 миллионго чейин чет элдик мигранттар келип кетишет. Быйыл алардын саны акырындап кыскарды. Бүгүнкү күндө алардын саны 6 миллион 300 миңди түзөт. Ошол эле учурда миллионго жакын адам убактылуу жашап турууга же жашоого уруксат алышкан", - деп жазылат маалыматта.
Министрлик ошондой эле каттоого алынган эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү патент менен иштеп келерин кошумчалаган.
"2020-жылдын 1-ноябрына карата Орусияда патенттин негизинде 1 миллион 300 миң чет элдик жаран иштеп жатат, 85 миң мигранттын иштөөгө уруксаты бар. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары менен 368 миң эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлгөн", - деп билдирген ИИМ.
Мындан тышкары, Орусиядагы чет элдик жарандардын көбү ири шаарлардагы жана экономикалык борборлордогу эмгек мигранттары экендиги кабарланды.