Социалдык тармакта эки баланы сабап жаткан видеолор WhatsApp аркылуу тараган. Бул тасмалар боюнча Талас ШИИБинин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда биринчи видеодо Талас районунун Козучак айылынын Мамбетов орто мектебинин 9-классынын окуучусу Талас шаарынын 2003-жылы туулган тургуну К.Н.ны уруп жаткан факты 6-декабрда катталган.
Ал эми экинчи видеодо Талас шаарынын №3 орто мектебинин 9-классынын окуучусу 2005-жылы туулган өспүрүм С.А. сабалган. Аталган окуя 10-декабрь күнү болгон жана ал факты да катталган.
"Аталган фактылар боюнча топ балдардын мушташы аныкталган эмес. Азыркы күндө эки тараптан тең арыз даттануулар болгон эмес. Эки видеонун бири бирине байланышы жок. Мындан тышкары социалдык тармакта тарап жаткан Талас шаарынын Поворот жана Центрдин балдарынын урушу болот деген маалымат тастыкталган жок. Шаар аймагында кызматкерлер көчөлөрдө иштеп жатышат", - деп жазылат маалыматта.