Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 26 миң 509 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 596 адам каза болсо, 26 миң 490 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 5028 (айыккандар 5 571);
Санкт-Петербург - 3758 (айыккандар 3 168);
Москва облусу - 1477 (айыккандар 1050);
Нижегород облусу- 492 (айыккандар 445) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 2 миллион 734 миң 454 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 48 миң 564 адам каза болсо, 2 миллион 176 миң 100 бейтап айыгып чыкты.