Вице-премьер министр: "Электр жарыгы автоматтык түрдө өчүрүлүшү мүмкүн"

Электр энергиясын колдонуу күнүнө 7-10 киловатт-саатка көп болуп жаткандыктан, ал автоматтык түрдө өчүрүлүп калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда вице-премьер министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Токтогул суу сактагычында 2020-жылдын 16-декабрына карата суунун көлөмү 13,1 миллиард куб метр сууну түздү. Ал эми кечээ электр энергиясын колдонуу 67 миллион киловатт-саат болду. Көмөкчү чордондор чыңалып жатат. Мындан улам өлкөдө электр энергиясы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу жаралды" , - деди Сабиров

Маалым болгондой, Токтогул суу сактагычына 19 миллиард куб метрдан ашык суу батат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
oroskulov1988
2020-12-16 20:09:39
Башталды
+2
boris8907
2020-12-16 20:37:09
Садыр Нуркожоевич, альтернативалык жолго өтөлүбү(тезек, гөң)
-4
Asyl10
2020-12-16 22:11:33
boris8907, Садыр Нуркожоевич при чём? он не Президент,не министр,не премьер-министр,он кандидат в Президенты всего лишь. Проблему должен решать правительство и министерство.
+3
Kuban-1207
2020-12-16 20:45:27
Сууну сатышса анан өчөт дешет
+12
maksat_osh
2020-12-16 21:11:48
Ушунун баарына саДЫРКА ЖОПАров кунолуу!
-2
maksat_osh
2020-12-16 21:13:25
Жээнбековдун убагында мындай болчу эмес!!!
+5
bekalife
2020-12-16 21:21:06
Бул быйылкы монгулордун ээригенине байланыштуу суу аз болуп жатат. Анустуно суук болуп керектоолор коп. Ошону тушунбойле далбаев боло бербегилечи
+4
Brilant-zhylan
2020-12-16 21:50:40
Бизде башталды кеч кирди свет очот
-4
Asyl10
2020-12-16 22:08:24
Комур кымбаттаса,эл аргасыз электро обогреватель менен отурушат да. Уят 21-кылымда свет очуп,эл суукта тонуп отурса. Кымбат болсо да коншу мамлекеттерден сатып алыш керек да.Эл.энергия автоматтык турдо очот дебей. Урматтуу министр сиздин уйунуздо очпойт да жарык, баягы эле карапайым элге кыйын, кыш чилдесинде элди тондурганы калдынарбы ошондо? Же комурду арзандаткыла же электр энергия менен камсыздагыла. Элдин кыжырын кайнатпагылачы чилдеде.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан