Ошто мас абалда сотко катышып, терезенин тосмосун сындырып качып кетти делинген прокурор бүгүн, 17-декабрь күнү прокуратура органдарынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымакта ылайык, ал Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору Союзбек Сарыков болгон. Тийиштүү буйрукка Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан кол коюлган.
Видео тасмадан аял кишинин: "Мас абалыңда менин баламдын тагдырын чечтиңби, сөзүңдү сүйлөй албай, кагазыңды окуй албайсың, керектүү кызматтарга кайрылам", - деп бет капчан кишиге кайрылып жатканын көрүүгө болот. Андан соң беткапчан адам бөлмөгө кирип кеткенин, соттун имаратынын сыртынан тартылган тасмадан терезенин тосмолору кайрылып калганы байкалат.