Финансы полициясы өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качкан фактынын бетин ачты

Финансы полициясы өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качкан фактынын бетин ачты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча финансы полициясы мамлекеттин бюджетине 45 миллион сом суммадагы салыкты төлөөдөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Иш-чара учурунда аталган компания товарларды ири өлчөмдө сатып алган жана саткандыгы аныкталган, ошол эле учурда салык отчётторун толугу менен берген эмес. Натыйжада мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда мамлекеттин бюджетине акча каражаттарын кайтарып берүү жана аталган ЖЧКга колдоо көрсөтүп келген кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан