2020-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарынын Трудовая көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанынан болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Белгисиз эркек кишинин жансыз денесин кароодон кийин анын төмөнкү кийимдери бар экени аныкталды: кара куртка, көк түстөгү күрмө, агыш шым жана аскер өтүгү. Урматтуу жарандар, табылган адамдын сөөгүн аныктоого жардам сурайбыз", - деп жазылат билдирүүдө.
Сүрөттөгү эркек адам жөнүндө маалыматы бар адамдар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарласа болот: 0 (312) 352-605, 0 (551) 102-129, 0 (553) 102-465, 0 (551) 102-326 жана 102.