Чүйдө эки унаа сүзүшүп, 5 адам жабыркады

Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Төө-Ашуу ашуусунда эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 16-декабрда саат 13:00дө болгон.

"Subaru Forester менен Subaru Outback үлгүсүндөгү унаалар бет маңдай сүзүшкөн. Анын кесепетинен 5 адам жабыркаган.Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. Тийиштүү иштер жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан